Ысык-Көлдө ак куулардын өлүмүнүн себеби иликтенүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Эскерте кетсек, буга чейин «Көлдө ак куулар ачкадан өлүп жатат» деген видео тараган.
Окуя болгон жерге экологдор жана ветеринардык кызмат өкүлдөрү барып, өлгөн канаттуулардын ткандарынан лабораториялык изилдөөлөр үчүн үлгү алышты. Мындан тышкары, экологдор көлдүн жана анын айлана-чөйрөсүнүн абалын комплекстүү текшерип, браконьерлик фактыларын аныктоо максатында укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барууда.
«Кээ бир өлгөн ак кууларды сойгондо, алардын денесинен балык уулоочу илмектер жана торлордун сыныктары табылды. Бул алардын браконьерлердин курмандыгы болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Бирок, адистер ак куулардын өлүмүнүн башка мүмкүн болгон себептерин да изилдеп жатышат», — деп жазылат маалыматта.
Министрлик иликтөөнү улантууда жана жакын арада экспертизанын жыйынтыгы боюнча кошумча чаралар кабыл алынарын билдирди.
2025-жылдын январь айындагы кышкы эсепке ылайык, Ысык-Көлдө 64 түрдөгү ак куу жашап, алардын жалпы саны 68 077ге жеткен.