• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Төрага Шакиев: Биз бул жерде караган менен суулар көбөйүп, мөңгүлөр эрип кетпейт

7 Кулжа 2023 11:45 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкектин суу көйгөйүн парламент жыйынында кароонун маанисин көрбөй турганын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чеин жыйында депутатта Бишкектеги суу тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүп, калаа башчысынын маалыматын угууну сунушташкан.

«Ал эми бул чарбалык маселе, аны менен Министрлер кабинети алектениши керек. Бизде аз убакыт калды, бул маселелерди талкууласак, көп сандагы мыйзам долбоорлорун кароого үлгүрбөй калабыз. Же балким эртең ар кандай маселелердин ордуна чакырып угалы анда», — деди Шакиев.

Ал суу маселесин профилдик комитетте же фракцияларда кароону сунуштады.

«Бирок министрлер кабинетинин төрагасы менен Бишкектин мэри бүгүн түштөн кийин Сочиге учуп жатышат. Бирок бир нерсени туура түшүнөлү, Быйыл күн салкын болуп, мөңгүлөр, карлар эриген жок, андыктан суу демейдегиден аз экенин түшүнүшүбүз керек. Биз бул жерде караган менен суулар көбөйүп, мөңгүлөр эрип кетпейт. Муну унутпашыбыз керек», — деди спикер.

Количество просмотров: 122