Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу ɵнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине)» мыйзам долбоору каралды.
Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаттары Эльдар Сулайманов, Элмурза Сатыбалдиев, Нуржигит Кадырбеков, Бактыбек Сыдыков, Марлен Маматалиев.
Жогорку Кеңештин депутаты жана демилгечилердин бири Эльдар Сулайманов белгилегендей, сунушталып жаткан мыйзамдын долбоору Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли (гидроцикл)-ички күйүүнүн туруктуу кыймылдаткычы же суу үстүндө глиссирлөө жолу менен жүрүүгө ылайыкташкан электр кыймылдаткычы бар жогорку ылдамдыктагы персоналдык суу транспорт каражатын пайдаланууга тыюу салуу максатында иштелип чыкты.
Эльдар Сулайманов мыйзамынын долбоорун демилгелөөнүн себеби, акыркы убакта жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли (гидроцикл) катышкан кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылып жатканы түрткү болгонун билдирди.
Талкуу учурунда депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоору менен кайсыл суу транспортторуна тыюу салуу каралып жатканын тактады. Муну менен катар депутат тыюу салууну бир эле Ысык-Көлдө эмес, башка көлдөрдө жана суу сактагычтарда да колдонуу жагдайын белгиледи. Депутат Эльдар Абакиров мыйзам долбоорун колдоого алып, бир катар беренелер боюнча сунуштарын берди. Эл өкүлү Бахридин Шабазов мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ишкерлерге тоскоолдук жаратып, айрымдарын жумушсуз калтырбайбы деген суроо салды. Депутат Чынберди Толонов мыйзам долбоорунун актуалдуулугун белгилеп, бирок ошол эле учурда туристтик жагдайга таасирин тийгизбейби деген маселеге токтолду. Ошондой эле Чынберди Толонов балким суу мотоциклдерин колдонууга өзүнчө аймак уюштуруу сунушун берди.
Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорун комитет биринчи окууда жактырды.