• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Ысык-Көлдө изделип жаткан жаран аман-эсен табылды

26 Үчтүн айы 2024 16:05 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө изделип жаткан жаран аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы Т.Э. аттуу жаран Бишкек шаарынан Булан-Сөгөттү айылана бара жаткан жеринен РИИБдин кызматкерлери тарабынан табылган.

Белгилей кетсек, 24-январда Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде аталган жаранга таандык паспорт, кийим, баштыкча табылган. Издөө иштерине 21 куткаруучу, 19 милиция кызматкери жана суучулдар тартылган.

Теги:
Количество просмотров: 245