• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ысык-Көлдө көпүрө сынып, бир адам каза болду

15 Кулжа 2022 9:22 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө көпүрө сынып, жол тейлөө ишканасынын кызматкери каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалыат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 14-июнда Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз курортундагы Көк-Жайык жайлоосуна баруучу унаа жолдун 3-көпүрөсүнөн өтүп бара жаткан учурда карагайдан салынган көпүрө сынып кетип, натыйжада Жол тейлөө ишканасынын кызматкери эксковатор унаасы менен саат 17:00 чамасында Жети-Өгүз суусуна кулап кеткени кабарланган.

Жерине саат 17:20да Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу АСМ унаасы менен тартылган. Саат 19:39да кошумча Жети-Өгүз райондук №36 ӨКБдан 19 куткаруучу жана облустук суу чарба башкармалыгынан 1 кран унаасы тартылган. Саат 20:20да жүктөгүчтүн жардамы менен экскаватордун кабинасынан айдоочунун сөөгү чыгарылган. Ал 35 жаштагы ЖТМнын 1977-жылы туулган А.М аттуу кызматкери болгон.

Эскерте кетсек, 13-июнь күнү саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен, Жети-Өгүз айылында Жети-Өгүз суусунун деңгээли көтөрүлүп, 3 турак үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондой эле Көк-Жайык жайлоосуна баруучу Конкин-Жети-Өгүз-Телти унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан №4 көпүрөөнү агызып кетүү коркунучу жаралган. Бекемдөө иштерин жүргүзүүгө №35 ЖТИден 1 экскаватор, 1 Хово, жайыт комитетинен 1 жүктөгүч тартылган.

Количество просмотров: 208