• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Ысык-Көлдө кар көчкүдө калган Бельгиялык турист каза болду

20 Бирдин айы 201915:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.02.2019.Govori.TV.

Бельгиядан келген турист Ысык-Көлдө кар көчкү астында калып каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык кечээ, 19-февралда 16:00 чамасында болгон.

37 жаштагы Дриз Эмиль Кукенс жана анын карындашы 33 жаштагы Кларт Март Кукенс Кыргызстанга эс алганы келишкен.

Ак-Суу районундагы Боз-Учук капчыгайында лыжа тээп жүрүшкөн кезде кар көчкү жүрүп, аялды басып калган.

Туристтерди коштоп жүргөн гид жана анын агасы кар алдында калган аялды 3-4 сааттын ичинде таап, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн, бирок алардын аракеттери жардам берген эмес.

Каза болгон аялдын сөөгү Каракол шаарындагы оорукананын моргуна жеткирилген.

Количество просмотров: 14