• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлдө катылган курал жана ок-дарылар табылды (видео)

9 Жетинин айы 2020 14:14 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталган курал-жарактар жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам–издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2020-жылдын 7-ноябрында Балыкчы ШИИБнин кызматкерлери жана ыкчам-тергөө тобу менен биргеликте жеринде издөө иштери жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында Балыкчы шаарынын Тоголок Молдо жана Арчалы көчөлөрүнүн кесилишиндеги дамбанын түндүк тарабы жакта таштарга көмүлгөн көгүш түстөгү спорттук сумка табылып, анын ичинде:

— 1 даана номуру жок, АКСУ-5,45 мм үлгүсүндөгү сайлуу, бир даана магазини менен ок атуучу куралы, 30 даана огу;
— аскердик жардыруучу граната, кольцосу менен;
— 2 кара түстөгү беткап;
— кара түстөгү 2 жуп кол кап;
— 1 даана скотч;
— 1 даана колго жасалган, кармагычы жыгач бычак;
— 1 даана 8,5 метр аркан;
— 1 даана ак түстөгү целофанга оролгон өзгөчө жапайы кендир жыты бар күрөң жашыл түстөгү, майдаланган салмагы 70 граммды түзгөн заты (канабис);
— 3 даана ичи бош, сыртында медициналык этил спирти деп жазылган бөтөлкөлөрү болгон.

Алынган маалымат Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренеси («Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») боюнча Ысык-Көл облусунун Балыкчы ШИИБнин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн буюмдар далил зат катары алынды. Аталган факт боюнча соттук-химиялык, соттук-балистикалык, соттук-дактилоскопиялык, соттук-криминалисттик экспертизалар дайындалды.

Учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар адамдардын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 160