• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Дайынсыз жоголгон жаран табылды

2 Бугу 2024 9:37 Бишкек Govori.TV

Дайынсыз жоголгон Рахматулин Малик жаран табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.

Эске салсак, 2024-жылы 1-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге Р.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда ушул эле күнү Манас проспектисинде жайгашкан үйүнөн чыгып кетип дайынсыз болуп жаткан 1937-жылы туулган жолдошу Рахматулин Малик Ассадуллавичти издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. 

Жоголгон күнү түнкү саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Дэн Сяопина көчөсүнөн кайдыгер карабаган бир жарандан адашып кеткенин жана жардам берүүсүн суранган. Ал жаран дароо “102”  кызматына чалып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

“Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын коноктору, эгерде ушул сыяктуу же кандайдыр бир көйгөй менен жардам сурап кайрылган жаранга жолугуп калсаңыз же маалыматка ээ болсоңуз, анда Бишкек шаарынын ИИББнын “102” кыска номуруна кабар берип коюңуздарды суранабыз”’ — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 128