Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.
Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Хан-Теӊири» лагеринде эки адамды өлтүрүүгө шектелип жаткан адам барымтага алган аял табылды. Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, аял лагерге кайтып келген. Анын айтымында, эки адамды өлтүрүүгө шектүү Сергей аны коё берип, өзү атын чаптырган бойдон кеткен.
Кээ бир маалыматтарга караганда, шектүү менен «Хан-Теӊири» лагеринин башчысынын орун басарынын ортосунда кайым айтышуу орун алган. Андан кийин шектүү эшикке чыгып, кайра мылтык көтөрүп келген. Алар 3-июлда спирт ичимдиктерин ичип отурушкан.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Хан-Теӊири» лагеринде эки адам өлтүрүлүп, бири барымтага алынган.