• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлдө мал уурдаган топ кармалды

20 Бирдин айы 2021 10:43 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө мал уурдагандар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-февралда Тон районунун бир канча жашоочусу милицияга арызы менен кайрылып, жеке короолорунан 6 баш кой уурдалганы тууралуу кабарлашкан.

Бул фактылар Тон райондук Ички иштер органынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Нарын облусунун тургуну Ж.М. жана 23 жаштагы Тоң районунун жашоочусу Т.Б. кармалган, алар убактылуу Бишкек шаарында жашашкан. Шектүүлөр малды түн жарымында уурдап, Бишкек шаарына алып келишип, белгисиз тараптарга базар баасынан төмөн баада сатып жиберишкен. Бирок, шектүүлөр милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин аркасында кылмыштуу ниеттин аягына чейин чыгара алышкан эмес»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда кармалгандардын облустун аймагында дагы башка ушул сыяктуу кылмыштуулукка тиешеси бар-жогу такталууда.

Количество просмотров: 225