• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Көлдө Манасчылар паркы курулат

21 Бирдин айы 2024 14:31 Бишкек Govori.TV

Ак-Суу районунун Теплоключенка айылына Манасчылар паркы курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, парк комплексинин эскиздик долбоору Ак-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

Маалыматка ылайык, Манасчылар паркы Теплоключенка айылынын күн-батыш тарабына курулат.

«Аталган паркта Манас айтууга, Нооруз майрамын өткөрүүгө, көргөзмө жыйын уюштурууга, музей катары колдонууга шарт түзүлүп, жаштар үчүн сейил бак катары, меймандар үчүн сый көргөзүү катарында багытталган ар кандай скульптуралык композициялар орнотулат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 75