• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ысык-Көлдө мейманкананын аймагындагы жер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен

16 Бугу 2023 10:57 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан “Рояль Бич” мейманканасынын аймагындагы 8,19 гектар жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз түрдө өткөрүлүп берилген. Тиешелүү чечим 2015-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан чыгарылган. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо делосунда Ысык-Көл райондук сотунун аталган токтому менен менчикке берилген жер тилкелеринин аянтында олуттуу айырмачылыктар (2,05 га) бар, б.а. сот бир иш боюнча материалдык пайда алуу максатында ар кандай өлчөмдөгү жер аянттары менен эки мыйзамсыз чечим кабыл алган.

Ысык-Көл облусунун сот органдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 42 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Количество просмотров: 64