• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте мейманканадан жаш кыздын жансыз денеси табылды

16 Үчтүн айы 20259:36 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги мейманканалардын биринде кыздын жансыз денеси табылганын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

15-январь күнү түштөн кийин милицияга шаардык мейманканалардын биринен чакыруу түшкөн. Анда меймандардын бири өткөн күндөн бери бөлмөнүн эшигин ача электигин айтышкан.

Натыйжада чакырууга келген милиция кызматкерлери бөлмөдө асынып турган жаш кыздын жансыз денесин табышкан. Ал 2001-жылы туулган Н.Ф., аттуу жаран экени аныкталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында керектүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 3544