Мектептин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ачылышы 11-январдан баштап пландалууда. Бул тууралуу Каракол шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директорунун орун басары Күлүшкан Тайлакова билдирди.
Ал аймактык штабдын чечими эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу экендигин белгиледи.
«Мектептердин салттуу режимине өтүүсү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу. Учурда COVID-19 оорусун жуктургандардын, ошондой эле бейтаптардын саны азайды. Жети-Өгүз, Ананьево, Тоң райондук ооруканасындагы «кызыл зоналар» жабык. Бирок, буга карабастан, бардык санитардык-гигиеналык нормаларды жана эрежелерди сактоо керек. Бала бакчалар топтордогу балдардын саны боюнча жоболорду сакташы керек », — деди ал.
Тайлакова Билим берүү министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин тиешелүү документи жарыялангандан кийин жогорку окуу жайлары, колледждер жана орто атайын окуу жайлары кадимки режимде иштей тургандыгын баса белгиледи.