• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө милиционерлер селден жабыркагандарга жардам беришти

13 Баш оона 202412:15 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери сел жүргөн аймактарда жергиликтүү тургундарга жардам беришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун саат 23:00 чамасында Ысык-Көл районунун Корумду айылы менен Булан-Сөгөтү айылынын ортосунда катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйдүн короо-жайын каптаган. Анын натыйжасында жергиликтүү тургундар өз алдынча коопсуз жайга чыгууга мүмкүн болгон эмес.

Ошол маалда сел жүргөн аймакта кызмат өтөп жүргөн Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери дароо жогорудагы үйгө жардамга келишип, жашоочуларды коопсуз жайга чыгууга жардам беришкен.

Количество просмотров: 152