Ысык-Көл облусуна караштуу Тору-Айгыр жана Бостери айылында көл жээгинен 5 тоннадан ашык таштанды чогултулду. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери «Таза Ысык-Көл» коомдук фонду менен биргеликте көлдүн түбүндөгү таштандыларды тазалашты.
«Көл жээгинен 1 тоннадан ашык таштанды жана ар кандай балык кармоочу тор, желим бөтөлкө алынган. Жалпы 5 тоннадан ашык таштанды чогулду»,-деп айтылат маалыматта.