Бишкек.09.05.2019.Govori.TV.
Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык турнирдин биринчи лигасында Ысык-Көлдүн «Көл-Төр» командасы жеңишке жетти.
Баш байге үчүн мелдеште «Көл-Төр» Таластын «Кара-Буура» командасы менен күч сынашкан. Эки команда тең бири-бирине катуу каршылык көрсөтүп, кыл чайнашкан беттеш болду. Натыйжада Ысык-Көлдүн командасы 2:1 эсеби менен утуп кетти.
Ал эми үчүнчү орунду «Алкан-Ата», төртүнчүнү «Ат-Башы» командасы ээледи. Белгилей кетсек, биринчи лигада 16 команда ат салышты.
Бүгүн түштөн кийин саат 15:30да Жогорку лиганын финалисттери «Достук» менен «Ынтымак» командалары оюн талаасына чыгат.