Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында көл жээкте эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, балык уулоону сүйүүчүлөрдүн аракетинин мыйзамдуулугун текшеришкен.
Анда Бишкек шаарынын 1972-жылы туулган тургуну О.М. балык уулоого уруксат берүүчү документтерин көрсөтүүдөн баш тартып, мыйзамдуу талапка баш ийбей узак убакыт бою көлдө жүргөн. Кийин онлайн тартипте балык уулоого уруксат берүүчү документти сатып алган соң жээкке чыккан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө уруксат документинин алынган убактысы жана ал тарабынан кармалган 78 балыктын кармалган учуру дал келбестиги аныкталган.
Аталган факты каттоого алынып, далил зат катары алынган балыктар мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.
Учурда текшерүү иштери уланууда.