• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Ысык-Көлдүн пансионаттарында коронавируска каршы эмдөө жүрүүдө

16 Теке 2021 17:34 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдөгү «Аврора», «Кыргызское взморье» жана «Голубой Ысык-Көл» пансионаттарында коронавируска каршы эмдөө жүрүүдө.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, эмдөө иштери өзүнчө бөлмөдө санитардык талаптардын аткарылышы менен жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 1-июлда Кытайдан Кыргызстанга “Синофарм” вакцинасынын 1,25 млн дозасы келген. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында калкты жапырт эмдөө жүрүүдө.

Медициналык, билим берүү мекемелеринде, соода борборлорунда, пансионаттарда жана башка жерлерде жалпы 847 эмдөө пункту ачылган.

Количество просмотров: 229