• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Ысык-Көлдүн тургуну ири көлөмдөгү баңгизат менен кармалды

26 Бирдин айы 201916:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV

Ысык-Көл облусунда 57 жаштагы адам ири көлөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-февралда ИИМдин Ысык-Көл менен Нарын облустарындагы Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине Ысык-Көлдүн аймагында бир адам баңгизатты мыйзамсыз сактап, аны сатууга аракет кылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, баңгизаттарды сатууга аракет кылган адамдын өздүгүн аныктоо тапшырмасы берилген. Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында буга чейин мал уурулук менен бир нече жолу жоопко тартылган Чоң-Сары-Ой айылынын 57 жаштагы тургуну А.Замирбек кармалган.

Тиешелүү кызматкерлер баңгизат сатууга аракет кылган шектүүнү кармоо үчүн кардар катары соодалашуучу жерди белгилешкен. Аталган жерде ширеңкенин кутучасына салынган 550 грамм гашиш менен шектүү кармалган. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 8 кг 100 граммдагы баңгизат, капка салынган марихуана жана баңгизаттарды жасоочу станок табылды.

Кармалган адам Каракол ШИИБдин убактылуу абагына киргизилди. Каракол шаардык сотунун чечими менен А.Замирбек эки айга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 14