• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдүн тургунунун үйүн тинтүү учурунда күрөң аюунун терилери табылды (сүрөт)

26 Чын куран 2022 13:59 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө браконьердин үйүн тинтүү учурунда күрөң аюунун терилери табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, туристтик-экологиялык милициясы «Илбирс» коомунун адистери жана «Эңилчек» заставасынын чек ара кызматкерлери менен биргеликте Ак-Суу РИИБнин КБРне КР Кылмыш-жаза кодексинин 267 (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү), 308-беренелери (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында «Сары-Жаз» сырт өрөөнүнүн 1975-жылы туулган Т.Р. аттуу тургунунун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзгөн. Тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок-дары жана Кызыл китепке кирген, жоголуп бара жаткан күрөң аюунун 2 даана териси табылып, далил зат катары алынган.

Учурда кылмыш ишинин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалып, күрөң аюунун терилери кайдан чыгышын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 122