Ысык-Көлдүн жээгин балырлар жана микробдук катмарлар каптап жататт. Бул тууралуу гляциолог Гүлбара Оморова соцтармак баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, бул жээктеги экосистемада өзгөрүүлөр болуп жатканынын алгачкы белгилеринин бири.
«Температура: 14.9°C, минералдашуусу: ~2890 ppm, туздуулугу: ~0.28%, рН: 8.95, ORP: ~201 мВ.
Бул маанилер жээктеги суу жогорку биологиялык активдүүлүк абалында экенин көрсөтүп турат. Мындай шартта балырлар тез өсүп, суунун химиялык тең салмагы өзгөрөт. Өзгөчө жогорку pH менен ORP көрсөткүчүнүн салыштырмалуу төмөн болушу кооптондурат. Бул — жээкте балырлардын активдүү өсүшү жана органикалык заттардын ажырашы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай процесстер сууга азот жана фосфор сыяктуу заттардын түшүшүнөн, температуранын жогорулашынан, суу алмашуунун начардыгынан, саркынды суулардан жана жээктеги курулуштардын көбөйүшүнөн күчөшү мүмкүн», — дейт ал.
Гляциолог мындай көрүнүш жөн гана балыр эмес, жээк аймагы өзгөрүп жатканынын эрте белгиси экенин айтты