• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Көлдүн жээгиндеги мушташтын чоо-жайы айтылды

17 Баш оона 2023 9:49 Бишкек Govori.TV

Көл жээктеги окуя боюнча милиция кызматкерлери жабырлануучулардын өздүктөрүн аныкташты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-август күнү саат 19:00 чамасында милицияга мушташ боюнча маалымат түшкөн. Скутерди ижарага алып иштеткен жарандар менен эс алуучулар ортосунда ызы-чуу чыккан. Эс алуучу скутерди айдап жүрүп, моторуна суу киргизип алган. Ал төлөөнү убада кылып, бирок жээкке чыкканда убадасына турган эмес. Натыйжада мушташ чыккан.

Аталган маалымат, Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Сотко чейинки өндүрүш ишинин учурунда скутерлерди ижарага алып иштеткен жарандардын өздүктөрү аныкталды. Алар, 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Ж., Кош-Көл айылынын тургундары С. А. жана Б. Э. болуп чыгышты. Алар Тамчы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тергөө кызматына жеткирилген. Милиция кызматкерлери тарабынан, скутердин ижарачыларынан ур-токмогуна кабылган эс алуучулардын да өздүктөрү аныкталды. Алар, Кыргыз Республикасынын жарандары, учурда Казакстан Республикасынын Алматы шаарында жашаган 55 жаштагы С.Д. жана анын уулу 27 жаштагы С. Э. болуп чыгышты. Жабырлануучулар, арыздары менен кайрылышып, скутердин ижарачыларына карата чара көрүүнү өтүнүшкөн. Дене жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде чечим кабыл алынат. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында текшерүү иштери уланууда»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылында жайгашкан «Радуга Вест» эс алуу борборунун жанындагы пляждык аймакта скутердин ижарачылары эки эс алуучуну сабаган видео социалдык тармактарында жарыяланган.

Количество просмотров: 233