• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Оштогу жол тескөөчүлөрдүн мушташынын чоо-жайы

26 Баш оона 2020 10:14 Бишкек Govori.TV

Буга чейин Ош шаарында эки жол тескөөчүнүн ортосунда чыр чыгып, алар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына  арыз менен кайрылган. Окуя кандайча болгонун жана чыр эмнеден келип чыкканын Turmush басылмасы жазды.

Кызматкерлердин бири Манасбек Полотов кесиптешине: «Коронавирус менен ооруп жатып эмне үчүн жумушка келип жатасыз?» деп айткан сөзү үчүн таяк жегенин билдирген.

«19-август күнү жумуштан түштөнүүгө чыгып бара жаткам. Жумуштун дарбазасын тосуп, «Лексус- 470» үлгүсүндөгу автоунаа токтоп туруптур. Ал Тилек Моңолбаевдин унаасы экен. Аны чакырып, «жолдон унааңызды алып коюңузчу» десем, «мен коронавирус болуп ооругам. Каалаганымды кылам. Колуңдан эмне келет?» деп кыйкырды. «Коронавирусту жугузган болсоңуз эмнеге элге аралашып жүрөсүз? Изоляцияда жатсаңыз боло. Эмнеге жумушка келип жатасыз?» десем, ачууланып кетип мени сабап салды. Мен аны урган жокмун. Ооруканага жатып алып, Ош ШИИБге арыз да жазыптыр. Буга чейин Тилек Моңолбаевден коронавирус аныкталганын билчүмүн. Ага карабай жумушка келип жүрөт. 21-августта сынакка да барып катышыптыр. Буга чейин «сынактан өтпөй калып, бири-бирин сабады» деп айтылган сөз чындыкка дал келбейт», — деп билдирген Манасбек Полотов.

Ал эми Тилек Моңолбаев кесиптеши Полотовдун «мени сабап салды» деген сөзү чындыкка дал келбей турганын айтты. Ошондой эле окуя такыр башкача болгонун, тергөөнүн жыйынтыгы менен чындыктын баары ачыкка чыга турганын айткан.

«Алдыда тергөөнүн жыйынтыгы чыгат. Окуя боюнча видео бар. Бул боюнча мыйзам чегинде чара көрүлөт. Мен аны сабаган эмесмин. Буюрса жакында баары ачык-айкын болот. Мени урганы үчүн мен Ош шаардык клиникалык ооруканасында сынык-жаракат бөлүмүндө дарыланып жатам. Мен бул окуя боюнча бир нерсе деп айта албайм. Биздин кызматтын басма сөз катчысынан толук маалымат алсаңыздар болот», — деди Тилек Моңолбаев.

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн башкы дарыгери Курсантбек Калыевдин айтымында, Тилек Моңолбаевге баштын жабык жаракаты, мээнин чайкалуусу деген диагноз коюлган.

«Моңолбаев 19-августта кесиптеши менен мушташып, анын кесепетинен башынан жаракат алып, бизге келип жаткан. COVID-19 илдетинин белгилери аныкталып же дене табы көтөрүлгөн жок. Бир жумадан бери нейрохирургия бөлүмүндө аныкталган жаракаттардын негизинде дарыланууда», — деген дарыгер.

Аталган окуя боюнча Ош шаардык ЖКККБнын басма сөз катчысы Рашид Сыдыков бүгүнкү күндө ИИМдин ички иликтөө кызматы тергөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалаган.

Количество просмотров: 1149