Кемин районундагы айланма жолдогу кырсыктан эки киши каза тапты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Окуя болгон жерден тартылган видео «Короче» Telegram-каналына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 15-мартта саат 12.15тер чамасында Бишкек — Токмок — Кемин трассасында болгон.
«Тез жардам кызматынын унаасы менен Toyota Estima бет маңдай сүзүшкөн. Кагылышуудан кийин тез жардам машинасы жүрүп бараткан Honda Inspire унаасына урунса, минивэн Audi машинасын сүзгөн. Жыйынтыгында төрт автоунаа кырсыктаган. Анын кесепетинен 37 жаштагы келин менен үч жашар кыз көз жумду»,-деп айтылат маалыматта.
Кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.