• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдүн жээгине топурак төккөндөр 5,5 млн. сом төлөйт

19 Бугу 202610:12 Бишкек Govori.TV

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы бир катар курулуш объекттерине пландан сырткары текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көлдүн суу фондусунун жерлерине мыйзамсыз түрдө топурак жана кум төгүлгөндүгү, ошондой эле экологиялык мыйзамдардын талаптары толук сакталбагандыгы аныкталды.

Аталган фактылар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, административдик айыптар салынды. Мындан тышкары, айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн жалпы суммасы 5 566 590 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөмдөр эсептелди.

Ошентип, «Авангард Резорт» ЖЧКсына — 1 925 237 сом; «КыргызИнвестСтрой» ЖЧКсына — 1 929 562 сом; «Елизавета» ЖЧКсына — 1 711 791 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөмдөр эсептелди.

Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу, мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткаруу жана уруксат берүүчү документтерди толук тариздөө боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү компаниялар тарабынан аныкталган мыйзам бузуулар таанылып, аларды жоюу жана келтирилген зыянды компенсациялоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Количество просмотров: 80