Ысык-Көлдө өрттүн кесепетинен үч наристе каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-декбарда саат 15:15тер чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине өрт өчүрүүчү 1 бөлүм тартылып, өрт толугу менен саат 22:33тө өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен үч кичинекей бала ( 2 жаштагы эки кыз жана 5 жаштагы бала) каза болгон. Болжол менен аянты 105 чарчы метр турак үй толук күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.