• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ысык-Көлдү сүзүп өтүүнү көздөгөн суучул финишке жакындап калды

27 Баш оона 202111:33 Бишкек Govori.TV

Караколдон Балыкчыга чейин Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүүнү көздөгөн суучул Владислав Шулико Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылына келип калды. 27-августтун саат 11ине карата маалымат ушундай экенин «Азаттык» радиосуна аны коштоп жүргөндөр кабарлашты.

Спортчу 180 чакырымдын 170ин багындырып койду, азыр Балыкчыны көздөй сүзүп баратат.

Сууда сүзүү боюнча спорт чебери, 21 жаштагы Владислав Шулико марафонун 22-августта баштаган.

Шуликонун коопсуздугун камсыздоо үчүн облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын кызматкерлери кайыктар менен коштоп жүрөт.

Количество просмотров: 225