• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ысык-Көлдө салык кызматынын инспектору 50 миң сом пара менен кармалды

1 Аяк оона 2023 17:45 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району боюнча атайын текшерүүлөр бөлүмүнүн башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин “Чакан жана орто бизнести колдоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында УКМК тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө 30-августта Салык кызматынын Ысык-Көл району боюнча атайын текшерүүлөр бөлүмүнүн башкы инспектору А.И.К. жеке ишкерден 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Салык кызматкери көрсөтүлгөн акча каражаттарын контролдук-кассалык машинаны (ККМ) орнотуу боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн опузалоо жолу менен талап кылган.

Белгилей кетсек, салык кызматкери эгер көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тартса, айып пул жана кошумча салыктык төлөмдөрүн төлөтөөрүн айтып, коркуткан.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 178