• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Ысык-Көлдө шамалдын кесепеттери иликтенүүдө

22 Бугу 20259:17 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күн мурун Ысык-Көл облусунун Жарандык коргонуу комиссиясы кошумча тактоо иштерин жүргүзүштү. Натыйжада шамалдын кесепетинен Ысык-Көл районунда 14 үйдүн, 1 эс алуу жайдын, 2 чарбалык курулуштун чатырын учуруп, 1 электр мамычасы, 1 унаа жабыркап, 9 бак кулаган.

Жалпысынан көп кабаттуу 5 үй, 160 турак үй, 26 социалдык объект, 173 чарба курулуштары, 5 унаа, 1 трансформатор, 36 электр мамычасы, 370 м электр чубалгылары жабыркаган жана 190 бак кулаган.

Мындан сырткары 7 боз үй, 1 чатыр, 1 кафе, 2 эс алуу жайы, 3 гектар кулпунай айдалган жер, 8000 м интернет чубалгысы жабыркаган.

Кошумча тактоо иштери 22-майда Ак-Суу, Ысык-Көл райондорунда улантылат.

Количество просмотров: 183