• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ысык-Көлдө сууга чөгүп бараткан эки кыз куткарылды

6 Теке 2022 10:09 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө сууга чөгүп бараткан эки кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-июнда Жети-Өгүз районунун Кой-Сары тилкесинде эки кыз көлгө чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган аймакка Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 жана Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. Ал арада куткаруучулар жерине жеткичекти райондун Кой-Сары аскер базасынын кызматкерлери чөгүп бара жаткан кыздарды катер менен сүзүп барып, өмүрүн сактап кала алышкан.

«Куткаруучулар кыздарды медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Алдын ала маалымат боюнча кыздардын абалы оор. Алар Липенка айылынын 22 жаштагы А.Б жана А.А. аттуу тургундары»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 574