• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Ысык-Көлдө төрөттөн 18 жаштагы келин каза болду

5 Чын куран 202413:40 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 23-мартта каза болгон 18 жаштагы келиндин өлүмүнүн себеби иликтенүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук төрөт боюнча координатор Анара Айткулуева билдирди.

Анын сөзүнө караганда, келиндин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн атайын экспертизалар дайындалып, Бишкекке жөнөтүлдү.

«Келин Каракол шаардык төрөтканасына 23-мартта Түп районунан саат 16:32 чамасында «Тез жардам» менен эс-учун жоготкон абалда келди. Сүйлөй албай койду. Кесарево жолу менен төрөттүк. Ичиндеги балага 31 жума болуптур, жети айга да жеткен эмес. Ымыркай 1 килограмм 800 грамм салмак менен төрөлдү. Келиндин дене табы жогору эле, мээсине кан куюлгандай белгилери болду. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, Бишкекке жөнөтүлдү. Жыйынтыгы чыкканда гана эмнеден улам каза болгонун айта алабыз. Ымыркай балдардын жандандыруучу бөлүмүндө, атайын дем алдыруучу аппаратта жаткан. 4-апрелде ал да чарчап калды, абалы оор болчу», — деди Айткулуева.

Количество просмотров: 951