Ысык-Көлдө жайыттардын биринен табылган сүлөөсүндүн баласы өлүп калды. Бул тууралуу «Бугу-Эне» коомдук фондунан билдиришти.
Маалым болгондой, анын абалы өтө начар болгон, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Анализдердин жыйынтыгы боюнча анын боору жакшы иштебей калган. Ал өтө начар тамактанган жана суу ичкен эмес, салмагы болгону 4,3 кг болгон — нормадагы салмактын жарымы.