• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ысык-Көлдө турак үйдө газ баллон жарылды

7 Теке 202110:18 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө турак үйдө газ баллон жарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылында жайгашкан турак үйдөн газ баллону жарылып, өрт чыккан. Жерине өрт өчүрүүчү бир бөлүм тартылып, өрт саат 10:47де чектөөгө алынып, саат 11:00дө толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.

Жалпысынан 5 чарчы метр ашкана күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталып жатат.

Количество просмотров: 166