• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ысык-Көлдө тургун Кызыл китепке кирген кушту багып жүргөн

15 Теке 2022 17:28 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө экологиялык милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундан Кызыл китепке кирген – Ылаачын жырткыч кушту таап алышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-июль күнү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлерине браконьерликке каршы рейд учурунда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну үйүндө сейрек кездешүүчү канаттууну мыйзамсыз багып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери маалыматта көрсөтүлгөн жарандын өздүгүн аныктап, 22 жаштагы жергиликтүү тургун Х.С. болуп чыккан.

«Милиция кызматкерлери жырткыч кушту табышып, юридикалык баа берүү үчүн Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматына чогулган материалдарды өткөрүп беришкен. Ысык-Көл регионалдык экология жана техникалык көзөмөл башкармалыгына караштуу өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биологиялык ар түрдүүлүк бөлүмүнүн адистери тарабынан кармалган жырткыч куш Кызыл китепке кирген — Ылаачын экенин аныкташкан. Алынган жырткыч куш Түп районунун Николаевка айылындагы «Ителги борборуна» өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Ак-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тийиштүү тергөөгө чейинки иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 761