• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Ысык-Көлдө туристтик сезон качан ачылары маалым болду

9 Бугу 201915:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.05.2019.Govori.TV.

Быйыл Ысык-Көлдө 18-майда жайкы туристтик сезон расмий ачылат. Анын алкагында Issyk-Kul International Tourism Fair-Exhibition – 2019 аттуу эл аралык туристтик көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

18-19-май күндөрү өтө турган маданий иш-чара Туризм департаменти жана Ысык-Көл облустук администрациясы тарабынан уюштурулуп жатат.

Көргөзмө-жарманкеде жакынкы жана алыскы мамлекеттердин туристтик агенттиктери, пансионаттары, өздөрүнүн кызматтарын сунуштайт. Андан сырткары, туризм тармагындагы инвесторлор, ишкерлер дагы катышат.

Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында тегерек столдор өтүп, ал жакта туристтик агенттиктердик өкүлдөрү, инвесторлор, эксперттер кызматташуу маселелерин талкуулашмакчы.


Количество просмотров: 17