• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

28 Бирдин айы 2020 9:42 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда бейбаштыкка жана башка кылмыштарга шектелип, 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 1996-жылы туулган Э.Э. буга чейин баңгизат жүгүртүү жана алдамчылык боюнча соттолгон.

«Учурда шектүү делинген жарандын мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат. Анткени буга чейин ишкерлерге тийишип, курорттук ишканалардын кызматкерлеринен опузалап акча талап кылып жатат деген маалымат укук коргоо органдарына келип түшкөн. Кармалган жаран ИИМдин каттоосундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары маалым болду», — деп жазылат маалыматта.

Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Количество просмотров: 312