• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Ысык-Көлдө жүргүнчү марихуана менен кармалды (сүрөт)

25 Үчтүн айы 202115:07 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө жүргүнчү марихуана менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-январында саат болжол менен 02-30 чамасында Ысык-Көл РИИБнүн өндүрүшүндөгү Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 268-берененин негизинде козголгон сотко чейинки өндүрүш боюнча, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустар боюнча башкармалыгынын жана Ысык-Көл РИИБнин БМЖКККнын кызматкерлери Балыкчы-Чолпон-Ата жолунан “Мерседес” үлгүсүндөгү маршруттук унаадан текшерүү үчүн токтотулган.

«Унаадагы 1992-жылы туулган Б. уулу Т. аттуу жүргүнчүсүнө өздүк кароо жүргүзгөн учурунда баштыктын ичинен кара куурай кендир өсүмдүгү салынган 3 литрлик банка табылып алынган.

Соттук химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат салмагы 1 килограмм 330 граммды түзгөн “марихуана” баңгизаты болуп аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки ондүрүш иши уланууда.

Количество просмотров: 58