Кыргызстанда 23-январга караган түнү болгон жер титирөөдөн Ысык-Көл облусундагы Көк-Сай, Бөкөнбаев, Ак-Шыйрак айылында үйлөрдөн жаракка кеткендиги тууралуу маалымат түштү.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлагандай, жер-жерлеринде райондук жана шаардык ӨК бөлүмдөрүнүн ыкчам топтору жер титирөөдөн жабыркагандарды жана кыйроолорду тактоо иштери айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү менен жүргүзүлүүдө.
Алдын ала тактоо иштери боюнча төмөнкүлөр такталган:
— Тоң районунун Б. Мамбетов айыл аймагына караштуу Көк-Сай айылынан 1 жарандын, Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу Бөкөнбаев айылынан 1 жарандын турак үйлөрүнөн жарака кеткен деген маалымат түшүп, учурда райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
— Каракол шаарында В. И. Ленин атындагы орто мектептин жана №3 бала бакчанын дубалдарында жаракалар пайда болду деген маалымат түшүп, учурда шаардык Жарандык коргонуу боюнча комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
— Жети-Ɵгүз районунун Ак-Шыйрак айыл аймагында 8 турак үйдүн, Жаргылчак айыл аймагынын Кичи-Жаргылчак айылында 1 турак үйдүн дубалдарында жарака кеткен деген маалымат түшүп, учурда райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
Кошумча маалымат берилет.