1-март күнү түштөн кийин Ысык-Көл облусунда күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 14:12де катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында: айылдан 15 км түштүк-чыгыш тарапта болгон. Кичи-Жаргылчак айылынан 16 км түштүк-чыгышта. Чоң-Жаргылчак айылынан 19 км түштүк-чыгышта катталды.
Жер титирөөнүн күчү: Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак, Барскоон айылдарында 2,5 баллга жеткен.