• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө жер титиреди

11 Бирдин айы 202110:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-февралда саат 07:57де Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кажы-Саз айылынан 11 километр түштүк, Кажы-Сай айылынан 18 километр түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Кажы-Саз, Кажы-Сай айылдарында 2 жарым баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 198