• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

Ысык-Көлдө жер титиреди

11 Баш оона 20229:44 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,11-август күнү саат 03:33тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

«Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга, Тосор айылдарында жана Тоң районунун Каджы-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 434