Ысык-Көлдө жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 16-август күнү саат 16:16да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
«Жер титирөө Ысык-Көл районунун Корумду, Темировка, Григорьевка, Кожояр, Булан-Сөгөттү, Семеневка айылдарында 3,5, балл, Бостери, Көк-Дөбө, Ананьево айылдарында 3 балл, Чолпон-Ата шаарында жана Кара-Ой, Жаркынбаев айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.