Ысык-Көл облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 08:13тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Ак-Суу районунун Эчкили-Таш айылынан 25 чакырым түштүк чыгышка карай, Түп районунун Кең-Суу айылынан 32 чакырым түштүк чыгышка, Каракол шаарынан 103 чакырым түштүк чыгышка карай катталып, Кыргыз Республикасынын калктуу аймактарында сезилген эмес.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.