• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч адам каза болду

3 Баш оона 2022 14:50 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-августта саат 15:20да Ысык-Көл райондук милициясына Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Милициядан белгилешкендей, Кара–Балта шаарынын З.у Э. аттуу тургуну “Опел-Зафира” үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай, жол кырсыгына кабылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын дөнгөлөгү жарылган.

Кырсыктын кесептинен 3 адам каза болуп, бирөө жабыркаган.

Аталган факт райондук милицияга катталып, тиешелүү экспертиза дайындалды. Учуруда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 4349