• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлгө 6 мамлекеттин парламенттик делегациясы келет

14 Кулжа 2022 17:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Чолпон-Ата шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-24-июнь күндөрү Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин XI пленардык отуруму Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага ылайык, төрага Талант Мамытов аталган эл аралык иш-чарага карата көрүлүп жаткан даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Бул боюнча атайын жыйын өтүп, министрликтердин, тиешелүү мекемемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү протоколдук тапшырманын негизинде жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат беришип, даярдык иштери жеринде көрсөтүлдү.

Кошумчалай кетсек, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин XI пленардык отурумуна уюмга мүчө Түркия, Казакстан, Азербайжан мамлекеттеринин, ошондой эле боордош Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгрия өлкөлөрүнүн парламенттеринин делегациялары катышат. Отурумда парламенттер аралык байланыштарды арттыруу маселелери талкууланып, анын ичинен Социалдык ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча типтүү мыйзамдардын долбоорлору кабыл алынат. Муну менен катар ТүркПАнын  2023-2028-жылдарга карата стратегиялык жол картасы бекитилип, иш чаралардын планы каралат.

Количество просмотров: 211