• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлгө жапон элинен медициналык гуманитардык жардам келди (сүрөт)

26 Жалган куран 2021 18:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-мартта «Сорос-Кыргызстан» Фонду Ысык-Көл облусуна жапон элинен медициналык гуманитардык жардам, тагырагы бир миллион сомго Ысык-Көл облусундагы ооруканалар үчүн жеке коргонуу каражаттары расмий түрүндө өткөрүп берүү иш-чарасы өттү.

«Сорос-Кыргызстан» Фонду жапониялык Pricer Bishkek IT-компаниясынын талабы боюнча жеке коргонуу каражаттарды Ысык-Көл облусунда жайылтууга көмөктөшөт. Иш-чарага Pricer Bishkek компаниясынын башкы директору Юя Комацу, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов жана Фонддун «Коомдук саламаттык сактоо» программасынын директору Айбек Мукамбетов катышты.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимовдун айтымында коргонуучу каражаттар Ысык-Көл облусуна дүйшөмбү күнү жеткирилет. Ал кошумчалагандай, облуска өткөрүлгөн каражаттар аймактарына таратылат.

Жапониялык Pricer Bishkek IT-компаниясы Жапонияда 2020-жылдын декабрынан баштап 2021-жылдын январына чейин COVID-19 пандемиясы учурунда Кыргызстанга жардам берүү максатында краудфандинг уюштурган. Ысык-Көл облусундагы ооруканалардын дарыгерлери үчүн жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн 1 202 000 жапон йен – 937 500 сомдон ашык – акча чогултулган. Ысык-Көл облусундагы эң муктаж болгон ооруканаларга каражаттарды өткөрүп берүү боюнча ар кандай мамлекеттик жана эл аралык структураларды талдап бүткөндөн кийин, Pricer Bishkek гуманитардык жардамды өткөрүп берүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен «Сорос-Кыргызстан» Фондуна кайрылууну чечти. Фонд «Коомдук саламаттык сактоо» программасынын алкагында учурда Ысык-Көл облусунда коронавируска байланыштуу кырдаалды алдын-ала болжолдоп, дарыгерлерди пандемиянын кийинки толкунуна даярдап жаткан ири долбоорду ишке ашырууда.

Жеке коргонуу каражаттар Ысык-Көл облусунун төмөнкү медициналык мекемелерине берилет:

  • Каракол шаарындагы облустук үй-бүлөлүк медицина борбор
  • Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы
  • Жалпы практикалык дарыгерлер борбор (ЖПДБ) Аксуу
  • ЖПДБ Түп
  • ЖПДБ Ысык-Көл
  • ЖПДБ Балыкчы
  • ЖПДБ Тоң
  • ЖПДБ Жети-Өгүз
  • ЖПДБ Ананьево

Количество просмотров: 340