Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар эл депутаты Надира Нарматова жана депутаттар тобу тарабынан демилгеленген “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү талкуулап, биринчи окууда кабыл алышты.
Жыйын учурунда юрист Таттуубүбү Эргешбаева коммерциялык эмес уюмдардын иши ачык-айкын эместиги, каражаты тууралуу отчет бербей келгени тууралуу сөздөрдү четке какты.
«Азыркы мыйзамдардын негизинде коммерциялык эмес уюмдар жабык түрүндө үч отчет тапшырат. Алар биринчиден, Салык кызматына, экинчиси Социалдык комитетке жана Статистика комитетине тапшырат. Андан сырткары бейөкмөт уюмдар өзүнчө ачык отчет берет. Ар уюмдун эсеп-кысабы канча болду деген маалыматты Салык кызматынын сайтынан тапса болот. Дээрлик бардык коммерциялык эмес уюмдардын эсеп-кысаптары накталай эмес формада банк аркылуу жүргүзүлөт. Ошонун баарын Финансылык чалгын кызматы тыкыр карап турат. Эгерде мыйзам бузуу болсо кылмыш жоопкерчилигине тартканга чейин барышат», — деди ал.