• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түштүк-Сахалинскте шайлоодо добуш берүү аяктады. Жапаров менен Мадумаров алдыда

10 Үчтүн айы 2021 16:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы түзүлгөн шайлоо участкасында Бишкек убактысы боюнча саат 15.00дө кезексиз президенттик шайлоодо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берүү процесси аяктады. Бул тууралуу соцтармакта жарыяланды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 851 шайлоочунун 459у добуш берди. Алардын — 345 адам Садыр Жапаровго добуш берсе, 100 адам добушун Адахан Мадумаров берген.

Белгилей кестек, саат 14:00гө карата добуш берүүгө шайлоочулардын 18,56% (661 501адам) катышты. Ал эми башкаруу формасын аныктачу референдумга добуш бергендер 18,55% (661 152 адам) түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, добуш берүүнүн көрсөткүчү Ош шаарында 23,35% , Ысык-Көлдө 21,86% ашты. Нарын облусунда 20,42%, Баткен облусунда 19,77%, Жалал-Абадда 19%, Ош облусунда 18,59%, Талас облусунда 17,52%, Бишкекте 17,5% жана Чүй облусунда 15,9% тегерегинде шайлоочулар добуш берди.

Чет өлкөлөрдө да добушканалар иштеп жатат. Саат 14:00де Британиянын борбору Лондондогу элчиликке жайгашкан шайлоо тилкеси ишке кирди. Азырынча бир гана добуш берүү участогу — АКШнын баш калаасы Вашингтондогу элчиликтен орун алган добушкана ишин баштай элек.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2438, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

Добушканалар эртең менен саат 8:00дө ачылган, кечки саат сегизде добуш берүү токтотулат.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.

Количество просмотров: 233