• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Өз билемдик менен салынган курулуштар алынууда

20 Баш оона 2023 11:28 Бишкек Govori.TV

Борбор калаада демонтаж  иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо  боюнча башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 14-августунан 17-августуна чейин өз билемдик менен курулган курулуштарды, эскиздик долбоорго ылайык келбеген кирүү топторун, ошондой эле муниципалдык аймакта мыйзамсыз тургузулган имараттарды бузуу (демонтаждоо) боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Төрт күндүн ичинде башкармалык тарабынан 38 объект демонтаждалды.

Алардын ичинен Ч.Айтматов проспектиси боюнча жеңил конструкциядагы 15 объект, Чүй проспектиси боюнча 3 объект, Байтик Баатыр көчөсү боюнча 2 объект, эскиздик долбоорго ылайык келбеген 11 жарнамалык конструкция  жана кирүү топтору демонтаждалган.

Ошондой эле Северная көчөсү, №1 дарегинде 15х5 чарчы метр өлчөмүндөгү бастырма, №12 кичи районунда 2 шлагбаум жана Көк-Жар кичи районунда Молдокулов көчөсү боюнча 1 темир тосмо алынды.

Количество просмотров: 139